КР спортчулары Олимпиаданын ачылышына бет капсыз чыкканы боюнча комитет үн катты  

Олимпиаданын уюштуруучуларынын протоколуна ылайык, спортчулар машыгуу жана беттешүү учурунан башка маалда бет кап менен жүрүүгө милдеттүү.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстан менен Тажикстандын спортчуларынын бет кап тагынбай коюшу боюнча Эл аралык Олимпиада комитети үн катты. Бул тууралуу жергиликтүү "Майнити симбун" газетасы жазды.

24-июлда өткөн маалымат жыйында комитеттин аткаруучу директору Кристофер Дуби коронавируска каршы чараларды аткарбаганы үчүн атлеттер жазаланышы мүмкүндүгүн эскерткен. Оюндун ачылышында эки өлкөнүн курама командасынын мүчөлөрү гана COVID-19 боюнча протоколду эске албай, бет кап тагынбай койгон.  

"Кыргызстандык бир гана спортчунун бет кабы болду. Делегациянын калган мүчөлөрү, анын ичинде туу көтөргөн Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов тагынган жок", — деп жазды газета. 

Ошондой эле Тажикстандын делегациясы жана желек көтөргөн эки пакистандык спортчу ачылыш аземде маскасы жок чыкканы белгиленет.  

Иманалиев Токиодо бир нече өлкөнүн спорт министрлери менен жолукту. Сүрөт
Reuters агенттигинин жазышынча, мындай көрүнүштөр Япониянын өзүндө жана башка мамлекеттерде сын-пикирлерди жаратты. Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири “Орто Азиянын спортчулары бет кап тагынуу эрежесин унутуп калганбы?” деп жазган.  

Олимпиаданын уюштуруучуларынын протоколуна ылайык, спортчулар машыгуу жана беттешүү учурунан башка маалда бет кап менен жүрүүгө милдеттүү.