Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот 

Сертификатты сайттан PDF форматында жана жеке берилген QR-код менен чыгарып алса болот. Ал үчүн паспорттогу маалыматтарды көрсөтүү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болорун айтып берди.  

COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатты жарандар коопсуз жана онлайн режиминде төмөнкү жолдор менен ала алат:  

  • алгач vc.emed.gov.kg расмий сайтындагы "Сертификат" бөлүмүнө кирүү керек;  
  • КР жарандары персоналдык жеке номерин (ПИН), ID-картанын сериясын жана номерин терет; 
  • чет элдиктер паспорттун номери менен аты-жөнүн жазат. 

Сертификат PDF форматында жана индивидуалдуу берилген QR-код менен чыгарылат. 

Министрлик электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок экенин эскертти.  

Буга чейин вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты portal.tunduk.kg порталындагы "саламаттык сактоо" деген бөлүмү да көрсөтүп жаткан.