iPhone менен тартылган мыкты сүрөттөр: Photography Awards 2021 сынагы жыйынтыкталды   

Sputnik

НЛО дегенге ишенесизби? "Көргөндөр" тарткан 15 сүрөт
Эл аралык конкурстун өзгөчөлүгү — Apple смартфонуна тартылган мыкты сүрөттөр кабыл алынат.  

Жеңүүчүлөрдүн арасында россиялык фотографтар да бар. Татьяна Мерзлякованын "Аврора Бореалисинин сыйкыры" сүрөтү "Саякат" номинациясында биринчи орунду ээледи.  

Сынактагы эң мыкты кадрларды сүрөт түрмөктөн көрүңүз.

1 / 24
Россиялык фотограф Татьяна Мерзлякованын "Аврора Бореалисинин сыйкыры" сүрөтү "Саякат" номинациясында биринчи орунду ээледи 
2 / 24
Венгриялык фотограф Istvan Kerekes "Трансильваниянын овчаркалары" сүрөтү сынактын баш байгесин жеңип алды
3 / 24
Британиялык Mohan Wang "Жаратылыш" номинациясында экинчи орунду алды
4 / 24
Кытайлык Dan Liu тарткан "Марстагы сейилдөө" деген сүрөт "Жылдын сүрөтчүсү" номинациясында мыкты деп табылды
5 / 24
"Жан дүйнөнү түшүнүү" сүрөтү "Портрет" номинациясында үчүнчү орунду алды. Аны испаниялык Quim Fabregas тарткан.
6 / 24
Германиялык фотограф Valerie Helbich-Poschacher жөнөткөн "Кыздардын пикири" сүрөтү "Жашоо стили" номинациясында үчүнчү орунду алды
7 / 24
"Бөлөк" номинациясында экинчиге "Изоляция" кадры татыктуу болду. Аны италиялык аял Carlotta Consonni тартып алган.
8 / 24
"Жашоо стили" номинациясында биринчи орунду бангладештик фотограф Mahabub Hossain Khan "Эски спорттук зал" сүрөтү менен жеңди
9 / 24
Кытайлык фотограф Dong Wei тарткан сүрөт "Балдар" номинациясында мыкты болду
10 / 24
"Голландиянын таңы" сүрөтү "Таңдын агарышы" номинациясын жеңди. Аны нидерландиялык Claire Droppert тарткан.
11 / 24
"Курчап турган айлана" номинациясында израилдик Einat Shteckler тарткан "Булут" сүрөтү алдыга озуп чыкты
12 / 24
"Жылдын сүрөтү" номинациясында үчүнчү орунду "Абада басуу" сүрөтүн тарткан америкалык Jeff Rayner алды
13 / 24
"Бөлөк" номинациясында үчүнчү орунга татыган "Болжолдуу көрүү" сүрөтү. Автору америкалык Pavlo Kyryliuk.
14 / 24
Грециялык сүрөтчү Iakovos Draculis жараткан кадр "Балдар" номинациясында экинчини илип кетти
15 / 24
"Жаратылыш" номинациясында мыкты деп табылган "Жакшылык тууралуу ой" сүрөтү. Автору австралиялык Christian Horgan.
16 / 24
Кытайлык Yuexiang Wang жараткан "Таттуулар" сүрөтү "Архитектура" номинациясында биринчи орунду алды
17 / 24
Америкалык фотограф Liz Huang тарткан сүрөт "Чоң шаардагы жашоо" номинациясында экинчи болду
18 / 24
"Биригүү кадры" "Жылдын сүрөтү" номинациясын жеңди. Автору индиялык Sharan Shetty.
19 / 24
Италиялык фотограф Matteo Lava тарткан "Тоңгон линиялар" сүрөтү "Абстракция" номинациясында үчүнчү орунду алды
20 / 24
Ачык түстүү сүрөт тарткан кытайлык фотограф Hexiang Zhou "Дагы тирүүмүн" номинациясында экинчи орунду ээледи
21 / 24
"Жаныбарлар" номинациясын нидерландиялык Laila Bakker жеңди
22 / 24
"Ландшафт" номинациясын жеңген кооз сүрөт. Автору америкалык Lizhi Wang.
23 / 24
"Аталышы жок" деген сүрөт "Абстракция" номинациясында мыкты болду. Автору австралиялык Glenn Homann.
24 / 24
"Кара жай, көгүш Монтень" кадры "Адамдар" номинациясында биринчи орунду жеңди. Автору австралиялык фотограф Christian Horgan.