Олимпиада: кыргызстандык Петров фехтованиеде экинчи турда утулуп калды. Видео  

Машыктыруучунун айтымында, япониялык атаандашы дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунда турган күчтүү спортчу.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында фехтование боюнча Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Роман Петров экинчи турдан өтпөй калды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Спортчу алгачкы таймашууда түштүк кореялык Сегеон Маны 15:7 эсебинде жеңип алды. 1/32 финалдык оюндар эртең мененки саат 9:00дө башталган. Мында 36 спортчу мөрөй талашты.  

Ал эми экинчи турда Роман Петров япониялык Ямада Масару менен беттешип 13:15 эсебинде жеңилип, тилекке каршы, олимпиадалык таймашуудан да четтеп калды.

Петровдун машыктыруучусу Александр Черных япониялык атаандаш дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунда турган күчтүү спортчу экенин белгилеген.