Орундар көбүрөөк. Бишкек менен Чүйдө COVID жуктургандар кайрыла турчу ооруканалар

Өткөн жумаларда бош орундардын тартыштыгы байкалып жаткан. Учурда өлкөнүн чар тарабынан келген бейтаптарды кабыл алган Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 48 орун бар.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 17 ооруканада 712 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 

Маалымат бүгүн, 25-июль, саат 8:00гө карата берилди. 

Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси: 

  • Улуттук хирургия борбору — 14;  
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 48; 
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 26; 
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 50; 
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 8;  
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 11; 
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 40; 
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 27; 
  • Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 9; 
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 9; 
  • Улуттук наркология борбору — 28; 
  • Аскердик госпиталь — 12; 
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 168; 
  • Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) — 40; 
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 100; 
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 103; 
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 19. 

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 1 688 адам сакайды, дагы 995 киши илдет жуктурса, тилекке каршы, 11 бейтап ооруну жеңе албай калды.