Айылда береке мол. Шаардагыга караганда убакыт узун, тамак таттуу, көңүл шат, адамдар арасындагы алака жылуу жана бекем. Абанын тазалыгы, табияттын көрктүүлүгү, теребелдин бейпилдиги жана күндүн салкындыгы айтпаса да түшүнүктүү. Бул – айылдын көзгө көрүнгөн гана артыкчылыктары. Баам салмайын байкалбай турган керемет жактары андан көп.
Көз көргөн нерсе көңүлдө
Бул саам туулган айылыма кыздарымды ала барып, атайын узагыраак калдым. Кыздарым аябай жыргап, каалашынча ойношту. Бээ сүтүн ичкени барган Кара-Кулжанын Кара-Шак жайлоосунун чатындагы жашыл түзөңдө дигерге чейин өздөрү курактуу тентектер менен жаны тынбайт. Түнөгөнү айылга келсек атамдын кең короосунда агаларымдын бала-бакырасы менен көз байлангыча серп этпей чуркап, чурулдашат. Ошентип жаңы досторду күтүп, жакын туугандары менен таанышты. Боор батырышып, бири-бирине мээрими сиңди. Бөтөкөйлөрүмдүн күнгө тотуккан жүздөрү нурданып, көңүлдөрү өсүп, чыныгы балалык бакытка балкыганы көзгө даана байкалды. Көрсө, энергиясы кичинекей денесине батпай ээликкен жаш балдар шаардагы көп кабаттуу үйдүн батиринде кадимкидей сыгылышат экен. Эртели-кеч эшикке уруксат сурап чыгып, короодогу өңчөй брусчатка басылган, айланасы жапыз кашаа менен тосулган аянтчада чоңураак бирөөнүн көзөмөлүндө санаалуу саат гана ойноп, кайра айдак алдында ичкери кирүүгө аргасыз. Наристе тамактан калса таарынбайт, бирок кызуу оюнун токтотуп үйгө кир десең көзүнө жексур көрүнөсүң. Оюн — бул баланын тек гана көңүл ачуусу эмес, эң кымбат байлыгы жана кубанычы экен. Дене тарбиясы, ааламды таануу жолу, дос-жолдош күтүү мүмкүнчүлүгү, мамиле куруу мектеби, баарлашуу чөйрөсү, өзүн таануу айдыңы экен. Ошондой кымбат нерсесин тартып алган адам бала үчүн же каракчы, же ууру, же жакшылыкты көрө албас зулум, же алтынды жезге айырбаштаган наадан көрүнөрүн боолгоп түшүнсо болот.
Угуп эмес жасап
Жайлоодо түшкү тамакты очокко бышырып жаттык. Кичинекейлерди отун топтоого жумшайбыз. Ар кимиси ар тарапты тинтип, кайдан-жайдан бир тутамдан куураган чырпык таап келишет. Куру кол келгенден уялып, дитин коё атаандашып иштегендери жүзүңө жылмаюуну чакырат. Ошентип тамак асмандан даяр болуп түшпөсүн, адамдын аракети, ак мээнети менен жасаларын мыкты түшүнгөндөй болушту. Өздөрү салым кошуп бышкан даам жыты буруксуй алдыга келгенде андан бетер бактылуу болушат. “Эмгегиң катуу болсо – татканың таттуу болот” деген ошол да.
Сегизден тогузга караган кызым өмүрүндө биринчи жолу чөптү чөмөлө жасады. “Жайлоодо сүт ичкенге караганда ушинтип чөп жыйнаган сонун экен” деп коёт берилип иштеп жатып. Анын болор-болбос жардамынын бизге кереги деле жок. Бирок ал өзү сонуркап, кызыгып жасады бул ишти. Демек, жаңы нерсени үйрөндү, ачты. Бул да болсо турмуштук тажрыйба жана сабак. Мурда чөп чаап, малга тоют камдоо кандай болорун айтсам элестете алчу эмес, эми өз колу менен аткарып көрдү. Буюрса, биз шаарда дүкөндөн сатып алып ичкен сүт, айран жана жеген эт, каймак кандай катуу мээнеттин үзүрү экенин түшүндүрүү эми оңой. Бала үчүн сенин бергениңден да өзүнүн көргөнү мыкты тарбия тура.
Эл — энциклопедия
Ар кандай курактагы ар башка адамдын удаа чын дүйнөгө сапар алышы бул дүйнөнүн утурумдук коногу экенибизди дагы бир жолу эске салды. Байлык да, бала-бакыра да калат экен. Өзүбүз менен кошо ала кетчү канча кайрымдуулугубуз, муктажга берген жардамыбыз, Жаратканга ибадатыбыз, соопторубуз бар? Ушуларды ойлодум...
Кыларга жол, кылбаска шылтоо толтура
Чөлдөн кум көрбөсөң кызык эле. Ушул тапта айылда айран, сүт, каймактын жоктугу мага ошондой эле сезилди. Тоолуу, жайлоосу жакын, чөп-тоюту берекелүү айыл боло туруп уйду кантип багабыз деп көбү жайлоого чыккандарга кошуп беришет. Торпогу менен бирге агытып жибергендер да бар экен. Саачу сүттү сааштан зеригүү, кудай сактасын, ырыскыга кылган кыянаттык эмей эмне? Мурда ачкачылык заманда бир эчкини саап ичмекке адамдар жайлоого чыгышчу экен. Эми минтип ак сааштан зеригип, кесирленип жатабыз. Акыбети кандай болот? Убалы жетип, кесепетин көрбөсөк экен. Кара-Суу, Араван, Ош тарапта болсо жайыты жоктугуна карабай арык четтеринде оттотуп, жер-жемиштердин кабыктарын берип, жемдеп багып уй саап, үзүр-жыргалын көрүшөт. Кылам десең жол, кылбайм десең шылтоо табыла берет экен, айтор.
Айылда жашоо керемет...