Жусуп Абдрахмановго арналган тасманын сценарийине сынак жарыяланды

Ушул жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер кабыл алынса, 15-ноябрга чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеңүүчү аныкталат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган көркөм тасманын сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Сынак эки этапта өткөрүлөт. Ушул жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынса, 15-ноябрга чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеңүүчү аныкталат.

"Конкурстун максаты Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоого салым кошуу, атуулдардын арасында патриоттук ойлорду жана маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Сый акыны алып кеткиле! Кыргызпатент авторлор менен аткаруучуларга кайрылды
Көркөм фильмдин сценарийинде оригиналдуу сюжет камтылып, тыюу салынган аракеттер болбошу керектиги белгиленди.

Катышуучулар билдирмени, тасманын сценарийин, резюмесин жана фильмографиясын жөнөтүүсү зарыл. Кенен маалыматты министрликтин социалдык тармактагы баракчасынан, ошондой эле 0312 301042 жана 0312 300265 номерлери аркылуу алууга болот.