БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан жана Казакстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу Афганистандагы азыркы абалды талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Телефон менен сүйлөшүү учурунда Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. Эки жетекчи орус-өзбек мамилелерин жана коронавирустун жайылып кетишине каршы күрөшүү жолдорун сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 64 жашка чыкты.
Ушул эле күнү Путин Касым-Жоомарт Токаев экөө телефон аркылуу сүйлөшүп, афган көйгөйүн жана анын Борбор Азия мамлекеттерине тийчү таасири тууралуу кеп кылгандыгы Казакстан президентинин сайтында маалымдалды.
"Андан сырткары эки өлкөнүн жана аймактын башка мамлекеттеринин биргелешкен иш-аракеттери региондогу социалдык-экономикалык ийгиликтүү өнүгүүнү камсыздай турганы белгиленди", — деп айтылган маалыматта.
Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин кагылышуусу жүрүп жатат. Экинчи тараптагылар аталган өлкөнүн айыл жергесиндеги бир топ райондорунун аймагын басып алып, ири шаарларга тап коюшууда. Афганистандагы туруктуулук АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин аскерлерин алып чыгып кетерин билдиргенден кийин жок боло баштады.
Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Андрей Руденко жакында РИА Новостиге берген маегинде Афганистанда азыр жүрүп жаткан процесс Борбор Азияга түздөн-түз кооптуулук жаратат деген пикирин билдирген.