Жыйынтык көрсөтө албай калдым. Каныкей Кубанычбекованын Токиодон кайрылуусу. Видео

Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Олимпиада-2020 оюндарында Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова Токиодон мекендештерине кайрылды. Спортчу кыздын кайрылуусун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Instagram баракчасына чыгарды. 

Өз сөзүндө бул кадам Олимп оюндары кийинки ийгиликтерине жол ачат деген ишенимин билдирди.

"Бүгүн алгачкы ирет олимпиадалык мелдешке катыштым. Жакшы деңгээлде өттү. Мен, тилекке каршы, буга чейин көрсөтүп келген жогорку жыйынтыгымды Олимпиада мелдешинде кайталай албай калдым. Ири жетишкендиктерди камсыздоого даярданган болчумун, эмнегедир жыйынтык көрсөтө албадым. Алгачкы Олимпиадамдан чоң тажрыйба алдым. Мен үчүн алдыдагы мелдештерге жаңы мотивация болду", — деген ал.

Мерген кыз ошондой эле Кыргызстандын элине кайрылып, ар тараптуу колдоолорду сезип турганын айтып, ыраазычылык билдирди.

Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калган.