БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чүй облустук милиция фотороботу түзүлгөн маркумдун ким экендигин таануу максатында элге кайрылып, тааныгандар болсо кабарлоону суранды.
"10-июлда болжол менен 09:00 чамасында Ак-Суу капчыгайындагы Жорголот жайлоосунда (Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөтү) азия тектүү, 55-60 жаш чамасындагы “Арапбай” аттуу адамдын кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгү табылган", — деп айтылат маалыматта.
Бул иш боюнча Москва райондук милициясы Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде (“Адам өлтүрүү” ) кылмыш ишин козгогон.
Андыктан милиция элге кайрылып, фотороботтогу кишини тааныгандар болсо, байланышууну өтүндү.
Белгилери: бою 165-170 см., орточо дене түзүлүштөгү, бети тегерек, чачы кыска, ак аралаган. Өзгөчө белгиси — сол көзү чалыр. Кийими: көк түстөгү күрмө, боз өңдүү, кызыл боолуу спорттук бут кийим. Милиция бул адам тууралуу мурда билгендер болсо Москва райондук милициясына же болбосо 0(707) 54-21-71, 0(550) 22-17-17, 0(551) 35-53-17, 0(702) 00-78-79 телефондоруна кабарлап коюуну суранган.