Кыргызстанда өсүмдүк майдын баасы түшөбү. Агенттиктин маалыматы

Бир жыл мурда өсүмдүк майдын баасы 84,6 сом болсо, азыр 159 сомго чыккан. Акыркы маалыматтарга караганда, май арзандашы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россияда күн караманын түшүмү мол болору күтүлүүдө. Бул тууралуу КРдин Монополияга каршы агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ведомство Кыргызстандагы өсүмдүк майдын кымбатташынын динамикасын көрсөттү.

Июлдун аягында өсүмдүк май 84,6 сом болсо, ал эми июндун аягында 162 сомду чапчыган. Ал эми учурда 159 сомдон сатылууда.

Эске салсак, Кыргызстан өсүмдүк майдын көпчүлүгүн Россиядан сатып алат.

"Россияда быйыл күн караманын түшүмү көп болуп, 15,9 миллион тоннага жетип, рекорд жаратышы мүмкүн. Анткени менен май айында 15,4 миллион тоннаны күтүп жатканын айтышкан. Мурдагы рекорд 2019-жылы — 15,4 миллион тоннаны түзгөн. Өткөн жылы 13,3 миллион түшүм алынган", — деп айтылган билдирүүдө.

Супермаркеттерде кумшекер менен суу май арзандай турганы айтылды
Россиянын өзүнүн ички рыногунда өтө тездик менен болбосо дагы абал жөнгө салынып келет. Майдын аягында күн караманын баасы тоннасына 53,1 миң рубль болсо, июнда 40,9 миңге түшкөн. Күн караманын чийки майы май айынын соңунан июнга чейин 118 миң рублден 100 миңге дейре арзандаган.

"Мындай тенденция Кыргызстандын рыногундагы өсүмдүк майдын наркына - товардын көп болушу жана баанын турукташына өзүнүн оң таасирин тийгизбей койбойт. Буга наркты жөнгө салуу боюнча мамлекеттик иштердин алкагындагы аракет жана кошумча нарк салыгын албоо да жардам берет", — деп жазылган маалыматта.

Анткен менен Бишкектеги соода жайларда өсүмдүк майдын 0,9 литрге болгон эң төмөнкү баасы 113 сом.