Баткендеги атышуу: Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара жетекчилери сүйлөштү

Эске салсак, Бүгүн Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. 
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү окуя боюнча эки тараптын чек ара кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

"Баткен облусунун Тумба аймагында эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугууга жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен Баткен жана Согди облустарынын укук коргоо органдарынын башчылары катышты. Жыйынтыгында тараптар Кум-Мазар (Кыргызстан) жана Сомоньен (Тажикстан) аймагында эч кандай иштерди жүргүзбөө чечимин кабыл алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Рахмон армиясын текшерип, тажик-афган чек арасына 20 миң аскер жөнөттү
Ошондой эле эки тараптын чек арачылары аталган аймактагы тартиптин сакталышын көзөмөлдөй турганы айтылды.

Эске салсак, бүгүн, 24-июлда, Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачылары бири-бирине ок чыгарган. Окуя чек арага жакын Баткен районунун Кум-Мазар аймагында болгон. Тажик тарап кыргыз тарап менен макулдашпай туруп аймакта кум тазалоо иштерин кыла баштаган. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барып, ишти токтотуусун талап кылган. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес. Тараптар бири-бирине таш ыргытып, кийин чек арачылар ок чыгарган.