Токио: биринчи медалдар ойнотулду. Кыргызстандык Кубанычбекова орунга илинген жок

Мелдешке жалпысынан 50 спортчу катышты. Кубанычбекова жарышта 612,8 упай топтоп, алдыңкы сегиздикке кире албай калды. Бул үчүн ага 16 упай жеткен жок.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мерген кыз Каныкей Кубанычбекова Олимпиада-2020 оюндарында мелдешке катышып, финалдык баскычка чыга алган жок. Таңкы саат 05:30да болгон пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышты КТРК-спорт каналы түз алып көрсөттү.

Олимпиада: КР спортчуларынын мелдешке чыга турган убакыт-сааты
Мелдешке жалпысынан 50 спортчу катышты. Кубанычбекова жарышта 612,8 упай топтоп, алдыңкы сегиздикке кире албай калды. Бул үчүн ага 16 упай жеткен жок.

Бул жарышта биринчи орунду 251,8 упай топтогон кытайлык мерген кыз Цянь Ян ээлеп, Олимпиада-2020 чемпиону болду. Экинчини Россиянын спортчусу Анастасия Галашина (251,1 упай) ээлесе, ал эми швейцариялык Нина Кристен (230,6) үчүнчү орундун ээси болду.