УКМК: бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

Окуя 24-июль күнү мамлекеттик чек арага жакын Баткен районунун Кум-Мазар аймагында болгон. Учурда абал туруктуу деп бааланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-июль күнү мамлекеттик чек арага жакын Баткен районунун Кум-Мазар аймагында болгон.

"Тажик тарап кыргыз тарап менен макулдашпай туруп аймакта кум тазалоо иштерин кыла баштаган. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барып, ишти токтотуусун талап кылган. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тараптардын ортосундагы кайым айтышуу мушташка айланып кеткени кошумчаланат.

"Алар бири-бирине таш ыргыткан. Жыйынтыгында Тажикстандын чек арачылары Кыргызстан тарапка ок чыгарган. Ага жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Бактыга жараша, кыргыз тараптан жабыркагандар жок", — деп айтылат кабарда.

Учурда абалдын курчуп кетүүсүнө жол бербеш үчүн ал жерде Чек ара кызматынан Баткен облусу боюнча башчысы Кыялбек Төлөнбаев жүрөт.

Өзбекстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында сел жүрөрү айтылууда
Ошондой эле ушул тапта эки өлкөнүн Чек ара кызматтары жергиликтүү бийлик органдары жана милициянын коштоосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланды.

Мындан тышкары, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Учурда абал туруктуу деп бааланууда.