Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 24-июлдун статистикасы

Бүгүн Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун курмандыгы болгондордун саны 2 217ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан 12 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Өлүм катталган аймактар:

  • Бишкек шаары – 6;
  • Чүй облусу – 4;
  • Нарын облусу -1;
  • Баткен облусу -1;

Ушуну менен пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 217ге жетти.