Мээ кайнаткан ысыктагы Чолпон-Ата, автотыгын, батпаган эл. Видео

Окурмандар күндүз көлдүн жээгинде бут коёрго жер жок экендигин, эс алуучулардын көптүгүнөн дүкөндөрдүн текчеси бошоп калып жаткандыгын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн окурмандар туристтик шаар Чолпон-Атада эс алуучулар абдан көп деп билдиришти.

Алардын айтымына караганда, Чолпон-Атада узун автотыгын жаралган. Кыргызстандын курорттук ири калааларынын бирине багыт алгандардын аягы көрүнбөйт.

Дагы бири элдин көп экендигин айткан. Эс алуучу борбор тараптын сүрөтүн, балдар аянтчаларындагы элдин көптүгүн тартып салып жиберген.

Окурмандар күндүз көлдүн жээгинде бут коёрго жер жок экендигин, эс алуучулардын көптүгүнөн дүкөндөрдүн текчеси бошоп калып жаткандыгын билдиришти.

Синоптиктер эртең Чолпон-Атада күндүн ысыктыгы +27…+29 градуска жетерин айтышты