Ош: куткаруучулар терезеден кирип, үйдөн 93 жаштагы кемпирдин сөөгүн тапты

Батирде жашаган адам эшигин ачпай жатканы туурасында 112 кызматына маалымат түшүп, төрт куткаруучу барган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы Исанов атындагы көчөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен ӨКМ кызматкерлери кемпирдин сөөгүн тапты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Батирде жашаган адам эшигин ачпай жатканы тууралуу 112 кызматына маалымат түшүп, төрт куткаруучу барган.

"Куткаруу кызматы атайын шаймандардын жардамы менен терезе аркылуу кирип, үйдөн 1928-жылы туулган К. А. Е. аттуу аялдын сөөгү табылган", — деп айтылат маалыматта.

Маркумду куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.