Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо чараларын күчөтүүнү тапшырды

Акыркы убакта адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары көбөйүүдө. Иликтөө учурунда айдоочулар мас абалында экени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Ысык-Көл менен Чүйдө болгон жол кырсыктарынан 11 киши каза тапты. Иликтөө учурунда айдоочулар мас абалында экени аныкталган.

Айтикул уулу: алты айда айдоочуларга 214 миллион сомдук айып салынды
Жапаровдун тапшырмасы мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн боло турган жол кырсыктарын алдын алуу, алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп мас абалында жүргөн айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында зарыл экени айтылат.

Мамлекет башчысы мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана Ысык-Көл облусунун аймагында, ошондой эле аталган облуска бараткан же келе жаткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.