ММА: Ысык-Көлдө 1000ге чукул мушкер катышкан дүйнө чемпионаты өтөт

Мындай уникалдуу дүйнө биринчилигинде 17 өлкөдөн келген мушкерлер спорттун төрт түрү боюнча күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу мушташ өнөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул туурасында Кыргызстандын ММА ассоциациясынан билдиришти.

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Мындай уникалдуу дүйнө биринчилиги Ысык-Көл облусунда 3-августта башталып 8-августка чейин уланат. Мушкерлер спорттун эрежесиз эр уруш, грэпплинг, жиу-житсу жана муай тай түрлөрү боюнча күч сынашат.

Турнир Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулууда.

Иш-чарага Free Fightinp, Grappling-Free Fightingr, Muay Тhаi жана World Usmanot's Combat Systems Association спорттук уюмдары катышат. Жалпысынан 17 өлкөдөн 1000дей спортчу келмекчи.