Түркиянын аймактарын да сел каптады. Жүрөк үшүн алган видео

Катуу жааган жамгырдан улам Архави дарыясынын суусу жээктен ашып, райондун борбору жана айыл жолдорун каптаган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. – Sputnik. Түркиянын түндүк-чыгышындагы Ризе жана Артвин провинцияларында нөшөрдөн улам катуу сел жүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына таянып РИА Новости жазды.

"22-июль күнү катуу жааган жамгырдан улам Артвин провинциясындагы Архави аймагында суу ташкындады. Дарыянын суусу жээктен ашып, райондун борбору жана айыл жолдорун каптады. Ушундай эле көрүнүш Ризе провинциясындагы Фындыклы аймагында дагы болду", — деп билдиришкен ведомстводон.

Бул аймактарда куткаруу иштери аткарылып жатат. Жерине ички иштер министри Сулейман Сойлу барган. Анын айтымында, каза болгондор жок. Эки адам жаракат алган.