Олимпиада: КР спортчуларынын мелдешке чыга турган убакыт-сааты

Бүгүн Япониянын Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндары башталып, расмий ачылышы өтүүдө. Төрт жылда бир жолу өтүүчү бул ири мелдешке Кыргызстандан 16 атлет катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Олимп оюндарынын уюштуруу комитети оюндардын убактысын расмий сайтына чыгарды.

Төмөндө кыргызстандык спортчулардын күч сынаша турган күнү сунушталат (Эскертүү: көрсөтүлгөн сааттар Бишкек убактысы боюнча алынды).

23-июль

  • 17:00. Токио-2020 XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы

24-июль

  • 05:30. 10 метр аралыктан пневматикалык мылтыктан ок атуу
    Каныкей Кубанычбекова
  • Сууда сүзүү
    16:00. 100 метрге брасс ыкмасында сүзүү, баштапкы этаптагы жарыштар
    Денис Петрашов

25-июль

  • 06:00. фехтование 32/1 финал
    Роман Петров

27-июль

  • Дзюдо
    8:00. Дзюдо, 81 килограмм салмак категориясы, 16/1 этап,
    Владимир Золоев
  • Сууда сүзүү
    16:00. 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзүү, баштапкы жарыштар
    Денис Петрашов

31-июль

  • 16:50. Оор атлетика, "А" тайпасы, 96 килограмм салмакка чейин
    Бакдөөлөт Расулбеков

1-август

  • 08:00. Грек-рим күрөшү, 60 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Жоламан Шаршенбеков
  • Кыз-келиндер күрөшү, 76 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Айпери Медет кызы

2-август

  • 8:00. Грек-рим күрөшү, 77 жана 97 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков
  • Кыз-келиндер күрөшү, 68 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Мээрим Жуманазарова

3-август

  • 8:00. Грек-рим күрөшү, 87 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Атабек Азисбеков
  • Эркин жана кыз-келиндер күрөшү, 62 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Айсулуу Тыныбекова
  • Жеңил атлетика
    16:00. 5 000 метр аралыкка чуркоо, баштапкы этап
    Нурсултан Кеңешбеков

5-август

  • 08:00. Эркин күрөш, 65 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Эрназар Акматалиев

6-август

  • 08:00. Эркин күрөш, 125 килограмм салмакка чейин. 16/1 этап
    Айаал Лазарев

8-август

  • Жеңил атлетика
    04:00. марафон, аялдар арасында
    Дарья Маслова.

Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунан башталып 8-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтөт.