Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды. Видео

Мамлекет башчы бүгүн эмдөө пунктуна барып Кытайдын Sinopharm препараты менен журналисттердин көзүнчө эмделди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды.

Ал бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда Кытайдын Sinopharm препараты менен журналисттердин көзүнчө эмдөөдөн өттү.