COVID статистикасы: 1 127 адам вирус жугузуп, 10 бейтап көз жумду

Бир сутка ичинде 10 киши өтүп кетти. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, экөө Таласта, бири Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 227 адамдын өмүрүн алды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын 1 396 киши жеңип, 1 127 адам вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Айыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек шаары – 883;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 196;
  • Ош облусу – 48;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 21;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 94;
  • Баткен облусу – 98.

Ушуну менен оорудан 132 138 киши сакайды.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 678;
  • Ош шаары – 22;
  • Чүй облусу – 134;
  • Ош облусу – 37;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 19;
  • Ысык-Көл облусу – 54;
  • Жалал-Абад облусу – 94;
  • Баткен облусу – 82.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде 10 киши өтүп кетти. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, экөө Таласта, бири Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 227 адамдын өмүрүн алды.

Стационарда 4 229 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 52си канааттандырарлык, 2 741и орто оор, 1 186сы оор, 243ү өтө оор абалда.