Токио Олимпиадасы расмий ачылды. Кыргызстан 56-болуп параддан өттү. Сүрөт

68 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадион дээрлик бош, болгону 950 киши киргизилди. Алар расмий өкүлдөр жана журналисттер.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылып, учурда спортчулар салтанаттуу параддан өтүп жатышат.

Эрежеге ылайык, катышуучу өлкөлөр аталышына жараша япон алфавитинин негизинде параддан басууда. Кыргызстан командасы 56-катар менен өтүп, Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов тууну көтөрүп чыгышты.

68 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадион дээрлик бош, болгону 950 киши киргизилди. Алар расмий өкүлдөр жана журналисттер. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Япониянын императору Нарухито стадиондогу бийик мартабалуу коноктор жайында турушат.

Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу
Токио шаары жайкы Олимпиада оюндарынын борбору катары 2013-жылы тандалган. Мелдештер 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейинки мезгилге белгиленген болчу. Коронавирус пандемиясынан улам спорттук ири иш-чара 2021-жылга калтырылган.

Кыргызстандын курама командасынан бул жарышка жети спорттун түрүнөн 16 атлет катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Олимпиада мелдешинде кыргызстандыктар пневматикалык мылтыктан ок атуу, сууда сүзүү, оор атлетика, фехтование, жеңил атлетика, дзюдо, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча ат салышат.