Кыргызстандын балы менен кийиз буюмдары Кореяда көргөзмөгө коюлду. Сүрөт

Көргөзмөнүн алкагында элчилик Кыргызстан жөнүндө роликтерди көрсөтүп жана туристтик мүмкүнчүлүктөр жөнүндө брошюраларды таратып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстан Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында Import Goods Fair 2021 эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мында Кыргызстандын Кореядагы элчилиги өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.

Экономика жана финансы министрлигинин жардамы менен ата мекендик продукциялар жеткирилген. Анда бал (Аман Гринфуд, Bee Honey, Тянь-Шань, Алай жана Чоң-Алайдын балчылары), шоколад жана нуга (Nag Group), табигый комплекстүү витаминдер жана чөптөрдүн негизинде жасалган эликсирлер (Aronia Farm), кийизден жасалган буюмдар, ошондой эле Түштүк Кореянын HESED компаниясы тарабынан Кыргызстандан келген текстиль буюмдары тартууланды.

Иранда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алгачкы көргөзмөсү ачылды. Ал Кыргызстанга эмне берет?
Көргөзмөнүн жүрүшүндө конокторго кыргыз балы, боорсок жана чак-чак сунушталууда.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында кыргыз элчилиги мамлекеттин туристтик потенциалы менен тааныштырып жатат. Атап айтканда, Кыргызстан жөнүндө роликтерди көрсөтүп, туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө брошюраларды таратууда.

Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү Import Goods Fair көргөзмөсү Түштүк Кореяда чет мамлекеттердин товарларын жана продукциясын илгерилетүү боюнча эң ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат. Быйыл 22-июлда башталып 24үнө чейин уланат.