Тап берип, сүр көрсөтүп. Буйволдун кабыландын баласын коргогон видеосу

Кабыландын бутактан кулаганы калган күчүктөрүн олжолоп кетүү үчүн жерде чыдамсыздык менен күтүп турган гиенага буйвол тоскоол болду.
Sputnik

Африкадагы Серенгети жаратылыш паркын көп жаныбарлар байырлап, табиятты тарткан операторлор жакшы кадрларга туш болот. Бул ирет камера көтөргөндөрдүн каарманы эки баласы бар кабылан менен гиена болгонун "National Geographic Россия" сайты жазды.

Баласын коргоп арстанды айланта, кабыланды каардана кууган буйволдун видеосу
Видеодон балдары менен алышкан эненин бутакка кантип тырмышып чыгып, кантип түшүп, шартка ыңгайлашууну үйрөтүп жатканын көрүүгө болот. Бул "иштер" али кичинекей кабыландарга оңойго турган эмес. Кээде унчукпай тырмышып аракет кылса, көп учурда ыркырап, мыёолоп, айланасындагылардын көңүлүн бурган. Кичинекейлердин алсыздыгы азгырдыбы же курсагы ачканбы, айтор, гиена даракка жакындап келген. Кыңшылап, жаланып-жуктанып, бактын башындагы оңой олжого көз артып, алардын кулап кетишин чыдамсыздык менен күтүп калганын байкоого болот.

Бир учурда горизонтто пайда болгон буйволдордун үйүрүнүн ичинен көлөмдүү жаныбар күчүктөргө көз арткан гиенаны көздөй чуркаган. Күүлөнүп келе жаткандыктан бир топко чейин сүрүлүп барып токтоп, тап берип, сүр көрсөтүп, бир топ сестенткен. Күтүүсүз мындай кырдаалдан улам берки жырткыч олжосуна кайыл боло аңызды аралап качып кутулган.

Жапайы жаратылышта кээде алсыз буйволдорго айлакер, шамдагай кабыландар кол салып, жара тартып жеп кеткени көп эле кездешет. Анткен менен бул сапар ата-энелик инстинкт ойгонуп кеттиби, айтор, буйвол кабыландын баласын жан үрөп сактап калган.