Бостериде таштап кеткен балдардын ата-энеси табылды 

Буга чейин облустук милиция жашы жете элек балдардын ата-энесин табышып коюуну элден суранган. 18-июлда аял балдарын Бостеридеги ижарага алган бөлмөгө таштап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында энеси ижарага алган бөлмөгө таштап кеткен балдардын ата-энеси табылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Буга чейин облустук милиция жашы жете элек балдардын ата-энесин табышып коюуну элден суранган эле. Маалыматта 17-июль күнү эки баласын ээрчиткен аял Бостериден ижарага бөлмө алганы, эртеси үй ээлеринен балдарын карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз жакка кеткен бойдон келбегени кабарланган

Сулайманова: орой мамилени көрүп өскөн бала үй-бүлө баалуулуктарын билбей калат
Милициядан билдиргендей, балдарды алып кетүү үчүн атасы келген. Ал уулдарын ЖМКлардагы сүрөттөн таанып, Бишкектен Бостериге барган. 

Укук коргоочулар балдардын энесин дагы тапкан. Ал 22 жаштагы Т.П. экени аныкталып, аял балдарын эмнеге калтырып кеткенин түшүндүргөн эмес. 

Балдар иши боюнча комиссия ата-эне менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин аларга балдарды өткөрүп берген.