Вакцина алгандан кийин каза болду деген аял. Окуяны атайын комиссия иликтөөдө

Кечээ социалдык тармакта 46 жаштагы аял "Спутник V" вакцинасын сайдыргандан кийин абалы начарлап көз жумду деп туугандары видео кайрылуу жасашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкекте вакцина алгандан кийин каза болду деген аял боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Бул тууралуу брифингде министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармакта 46 жаштагы аял "Спутник V" вакцинасын сайдыргандан кийин абалы начарлап көз жумду деп туугандары видео кайрылуу жасашкан.

Учурда алдын ала маалыматтар боюнча эмдөөнүн терс көрүнүштөрү такталууда.

"Жаран 19-июль күнү саат 8:30да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунан "Спутник V" вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө", — деди Рахматулаев.

Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилери айтылды.