Бишкектеги бейтапканаларга 14,7 млн. сомго тез жардам унаалары сатып алынат

Жумушчу топ унаа сатып алуу үчүн техникалык мүнөздөмө иштеп чыккан. Машиналарды Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн беришет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тез жардам унаасын сатып берүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, амбулатордук кызмат уюштуруу үчүн жети атайын автоунаа алынат, ага 14 миллион 740 миң сом каралган.

Жумушчу топ унаа сатып алуу үчүн техникалык мүнөздөмө иштеп чыккан. Буйруктун негизинде сатып алуулар процедурасын өткөрүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн.