Бишкектин мектептери жаңы окуу жылына даярданып жатат

Былтыр мектепте 1-класстар гана көбүрөөк окушту. Калгандары аралыктан билим алып, айрым класстар гана бир нече ай мектепке барууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкектин мектептерин жаңы окуу жылына даярдап жатышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билим берүү мекемелеринин даярдыгынан кабар алуу үчүн виц-мэр Виктория Мозгачева менен Билим берүү жана илим министрлигинин адистеринен турган топ Ленин районундагы №47, 72, 95, 44, 84 мектептерди кыдырып чыкты.

"Жалпысынан алганда жаңы окуу жылына даярдык кызуу жүрүп жатат. Эгер эпидемиологиялык абал жакшырса, калаадагы 97 мектептин баары окуучуларга эшигин ачат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, былтыр мектепте 1-класстар гана көбүрөөк окушту. Калгандары аралыктан билим алып, айрым класстар гана бир нече ай мектепке барууга мүмкүнчүлүк алышкан.