Бишкекте AstraZeneca менен эмдөө башталды. Даректери

16-июлда Азербайжан Кыргызстанга гумжардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын (20 миң адамга жетет) берген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкекте 22-июлдан тарта COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, препаратты 18 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар 4-12 жума аралык менен эки дозасын ала алат.

"Аталган вакцинаны Бишкек шаарындагы № 2, 3, 5, 7, 15 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан жана студенттер үчүн бейтапканадан алууга болот", — дешти штабдан.

AstraZeneca аймактарга келерки жумадан тарта жеткиликтүү болот. Учурда жеткирилип жатканы айтылды.

Аймактарга бөлүнгөн доза:

  • Бишкек – 10 миң доза;
  • Ош – 2 миң;
  • Чүй облусу – 10 миң;
  • Жалал-Абад облусу – 4 миң;
  • Ысык-Көл облусу – 4 миң;
  • Нарын облусу – 2 миң;
  • Талас облусу – 2 миң;
  • Баткен облусу – 2 миң;
  • Ош облусу – 4 миң.

Эске салсак, 16-июлда Азербайжан Кыргызстанга гумжардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын (20 миң адамга жетет) берген.

AstraZeneca Оксфорд университети менен кызматташуу аркылуу шведдик-британдык фармацевтикалык компания тарабынан жасалган.