Жума күнгө карата аба ырайы

23-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жума күнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Таласта +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +25...+30 градус ысык болот.

Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +36...+38 градуска жетсе, Чолпон-Атада +26...+28 градусту көрсөтөт.