Пляж модасы боюнча иш-чара Майамиде өттү. Orlando Swim Week жумалыгында кымча бел кыздар менен катар подиумга plus size моделдер дагы чыгышты.
Акыркы кезде мода дүйнөсүндөгүлөр подиумда бир көрсөтүлүп, кийин калып калчу кийимдерди эмес, күнүмдүк жашоодо колдонулчу, ыңгайлуу кийимдерди көбүрөөк тиге баштады.
Orlando Swim Week жумалыгында подиумга буралган моделдер гана эмес, жөнөкөй, катардагы кыз-келиндер дагы чыга алды.