Токио Олимпиадасы: дзюдочу Золоев россиялык балбан менен таймашат

Кыргызстандык дзюдочу 16/1 этаптан тарта мелдешет. Балбандар 27-июлда Бишкек убактысы боюнча 08:00дө килемге чыгары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоевдин Токио Олимпиадасында күрөшө турган атаандашы аныкталды. Бүгүн мелдештеги дзюдо балбандары үчүн чүчү кулак тартылып, аны Эл аралык дзюдо федерациясынын Youtube каналы түз көрсөттү.

81 килограмм салмак категориясында ат салышкан Золоев россиялык Алан Хубецов менен таймашат. Мелдеш 27-июлда Бишкек убактысы боюнча 08:00дө башталат. Балбандар 16/1 этаптан тарта күрөшөрү маалым болду.