Садыр Жапаровдун облустардагы өкүлдөрү дайындалды. Тизме

Буга чейин өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров өзүнүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, облустарга дайындалган өкүлдөрдүн тизмеси:

  • Абдикарим Алимбаев — президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Сабыркул Ашимбаев — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Зиядин Жамалдинов — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Мирбек Кожоев — президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Бакытбек Нарбеков — президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Абсаттар Сыргабаев — президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Эркин Тентишев — президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.