Россиялык биолог коронавирустун дельта штаммы кимдер үчүн кооптуу экенин айтты

Эмделген жана ооруп айыккандан кийинки иммунитети барлар үчүн дельта-штамм башка штаммдарга салыштырмалуу анчалык коркунучтуу эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Көпчүлүк учурда коронавирустун дельта-штаммынан тобокелдик тобуна кирген адамдар каза табат. Бул тууралуу молекулярдык биолог, Ломоносов атындагы МГУнун илимий кызматкери Сергей Харитонов РИА Новостиге билдирди.

Адис белгилегендей, эмделген жана ооруп айыккандан кийинки иммунитети барлар үчүн дельта-штамм башка штаммдарга салыштырмалуу анча кооптуу эмес.

"Ал болгону тобокелдик тобуна кирген адамдар арасында тез тарайт. Коронавирустун бул штаммы эмделгендер менен ооруп айыккандар үчүн өтө деле кооптуу эмес. Ал эми оорусу көп, иммунитети алсыз болгон улгайган адамдар көбүнчө ушул штаммдан каза болот. Себеби вирус аларга тез жетип, бат жугат", — деди Харитонов.

Буга чейин дельта-штамм дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн табылганы айтылган.