БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik.Жарасул Абдураимов экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
"Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынды. Мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген", — дешти өкмөттөн.
Абдураимов буга чейин Ош облусун жетектеп келген.