Шахматтын предмет катары окуу программасына катталышы окуучунун стратегиялык ой жүгүртүүсүнө, чечимдерди кабыл алуусуна чоң жардам берет. Мындай пикирин Милан Турпанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шахмат боюнча окутуучулардын жетишсиздиги учурда көйгөйлүү маселе бойдон калууда.
"Шахматтын жалпы орто билим берүүчү мектеп программасына киргизилишин колдойм. Биздин багытыбыз да ушуга байланыштуу. Жогорку деңгээлдеги окутуучуларды, устаттарды даярдап алыш керек. Шахмат балдардын стратегиялык ой жүгүртүүсүн арттырып, ыкчамдуулукка, зирек болууга үйрөтөт. Алгебра, геометрия сабактары сыяктуу эле шахматка да көңүл бурулуп, мугалимдер кызыктуу программаны түзсө, окуучулар калтырбай окушат эле. Анткени окутуучудан көп нерсе көз каранды болот. Бирок милдеттүү турдө программага каттоо үчүн бир топ кадамдар керек. Тиешелүү мыйзам, токтомдор чыгарылып, бюджет маселеси да каралышы шарт. Анын баары каражатка барып такалат. Жаштарды тарбиялоодо интеллектуалдык оюндун улуттук кызыкчылык, азыркы муундун келечеги үчүн мааниси абдан терең экендигин коомчулукка, жетекчиликке далилдеп беришибиз абзел", — деди Турпанов.
Ошондой эле ал Шахмат академиясын куруу боюнча кол топтолуп, кадамдар жасалып жаткандыгын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: