Бишкекте адамга ок атылды. Түркиялык жарандын версиясы

21-июль күнү Юнусалиев көчөсүндөгү соода борбордон алыс эмес жерде ок жеген киши жатканы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте соода борборлордун бирине жакын жерден ок атылып, бир адам жаракат алган. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБден билдирди.

21-июль күнү болжол менен саат 14:40тар чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү соода борбордон алыс эмес жерде ок жеген киши жатканы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Жерине тартип сакчылары барган.

"И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Түркиянын Ч.А. деген жаранына карата чара көрүүнү өтүндү. Жабырлануучунун айтымында, чет элдик жаран менен айтыша кеткенде ал тапанчасын чыгарып төшкө атып из жашырган. Арыздануучу Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жеткирилди. Диагнозу "сол төшүнө ок жеп кансыраган, жараты жеңил", — деп айтылат милициянын маалыматында.

Окуя болгон жерден МР79 9 ТМ үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен бир гильза табылган. Учурда экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

УКМК пара талап кылган деген шек менен Сокулуктун үч милиционерин кармады
"Тергөө жана ыкчам издөө иш-аракеттери учурунда кыргызстандык И.Н. менен түркиялык Ч.А. акча маселесине байланыштуу талашып-тартыша кеткени аныкталды", — дешти ИИБден.

Ал эми Түркия жараны (Ч. А.) үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда саат 11:30дар чамасында И. Н. аны кезектеги жолугушууга чакырганын айткан. Ошондой эле кыргызстандык жаран ага кол салуу күтүлүп жатканын айтып эскерткенин билдирген.

"Жолугушуу учурунда И.Н. материалга оролгон тапанчаны көрсөтүп, жеке коопсуздугу үчүн алууну сунуштаган. Бирок Ч.А. коркконунан соода борбордон сыртка качып чыкканда ок атылган. Ч.А. ок ага карата атылды деп ойлоп из жашырган", — деп милиция чет өлкөлүктүн версиясын айтты.

Тергөө амалдары уланууда.