Бишкекте 5 жашар бала сууга чөгүп кетти

2016-жылы туулган бала Шабдан Баатыр менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте беш жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Шабдан Баатыр менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Чоң Чүй каналында болгон. Жеринде беш куткаруучу иштеп, баланын сөөгүн Тез жардамга өткөрүп беришкен.