Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем

Sputnik

"WORLD NOMADS FASHION FESTIVAL. ISSYK-KUL 2021" көл жээгинде өткөн көчмөндөр модасы боюнча эл аралык фестиваль көп ийгиликтердин, жакшы иштердин жана кызматташуунун башаты болуп калды.

Сулуулардын ажарын ачкан адеми кийимдер. Мода жумалыгынан 13 сүрөт
"Рух Ордо" борборунда ар кыл өлкөлөрдөн келген чыгармачыл адамдар – мода дизайнерлери ой-туюмунан, чебер колунан чыккан эмгектерин тартуулады. Алардын арасынан көчмөндөрдүн философиясын чагылдырып берген мыкты костюмдарды көрүүгө болот.

Кыргызстандан сырткары Казакстандан, Россиядан, Франциядан келген азыркынын уздарынын эмгектери көптөрдү кайдыгер калтырган жок. Модельерлер көчмөндөр дүйнөсүнүн рухун, духун берген жана азыркы заманбап учурдун кийимдерин айкалыштырып, мыкты ансамблдерди алып чыгышты. Фестивалга конок катары катышкандар нукура байыркынын элесин берип тигилген кийимдер аларды бир нече кылым мурдагы дүйнөгө жетелеп алып барып келгендей таасир бергендигин айтышты.

1 / 12
Россиялык дизайнер, Тыва Республикасынын Бий жана костюмдар театрынын жетекчиси Ким Донгактын колунан чыккан кийимдер
2 / 12
Береги сүрөттөгү костюмдун автору кыргызстандык дизайнер Алмаз кызы Чолпонай. Автор өзүнүн эмгегинде табият менен эриш-аркак жашоо керек деген чакырык таштаган
3 / 12
Россиялык дизайнер Эльмира Давлетова көчмөндөрдүн руханий дүйнөсүнүн бир үзүмүн учурдагы, заманбап жашоого алып келгенге аракет кылган
4 / 12
Алмаз кызы Чолпонайдын кезектеги эмгеги. Көөлгүгөн кийим менен арттагы фон - Ысык-Көл кайсы бир деңгээлде бири-бирин толуктап тургандай
5 / 12
Моделдер кыргызстандык мода чеберлери Назира Айдарова менен Зухра Кемелбекованын эмгектерин көрсөтүп жатышат
6 / 12
Бул костюм француз дизайнери Хинт Жюдардын колунан чыккан. Ал Азияда, көгүлтүр көлдүн жээгиндеги эл аралык фестивалда элге тартууланды
7 / 12
Россиялык чебер Ким Донгактын байыркы көчмөндөрдүн дүйнөсүнө жетелеген кезектеги костюмдары
8 / 12
Бул костюмга үңүлө караган киши өзгөчө дүйнөгө сүңгүп кирип кеткидей. Бир карасаң туштук, бир карасаң кементайдын, бир карасаң көчмөндөр ааламынын элесин берген, философиялык ой-туюмдарга сугарылган кийимдин автору кыргызстандык дизайнер Алмаз кызы Чолпонай
9 / 12
Коюу тумандан суурулуп келе жаткан сулуулар. Казакстандык дизайнер Жазира Кабаеванын колунан чыккан костюмдар
10 / 12
Модель Алмаз кызы Чолпонай дагы эмгегин көрүүчүлөргө алып чыкты
11 / 12
Россиялык дизайнер Эльмира Давлетованын көчмөндөр модасы боюнча өткөн Ысык-Көлдөгү эл аралык фестивалга алып келген эмгектери
12 / 12
Алмаз кызы Чолпонайдын дагы бир эмгеги. Жибек жолу, учу кыйырына көз жептеген сапар, кербендин көркүн чыгарган төөлөр... көчмөндөрдүн духу