Кубанычбекова Каныкей Бообековна — өмүр баяны

Токио Олимпиадасынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун көтөрүп өтчү Каныкей Кубанычбекованын өмүр баяны менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышсаңыз болот.
Sputnik

Каныкей Кубанычбекова 1999-жылы 30-сентябрда Бишкекте төрөлгөн.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.   

Ок атуу боюнча КРдин спорт чебери.

Спорттук жетишкендиктери:

  • 2017 — Татарстандагы эл аралык мелдеште экинчи орун;
  • 2017 — Амстердамдагы эл аралык турнирде үчүнчү орун;
  • 2018 — Казакстандагы эл аралык турнирде үчүнчү орун;
  • 2018 — Өзбекстандын кубогунда экинчи орун;
  • 2018 — Кыргызстандын чемпионатында экинчи орун;
  • 2019 — Өзбекстандын кубогунда биринчи орун;
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунда экинчи орун; 
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунда (3-этап) биринчи орун; 
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунун чемпиону; 
  • 2021 — Олимпиада оюндарынын жолдомо ээси.

Мындан тышкары, Иран, Индия, Азербайжан, Германия, Катар жана башка мамлекеттердеги турнирлерге катышкан.

Спорт агенттиги 21 жаштагы Каныкей Кубанычбекова кыргыз спортунун тарыхында ок атуу спорту боюнча кыздар арасынан биринчи жолу Токио Олимпиадасына жолдомо алганын белгиледи.