Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын туусун Кубанычбекова көтөрүп өтмөй болду

Спорт агенттигинин билдиришинче, чечим атлеттер Токиого ар кандай убакытта учуп жаткандыктан кабыл алынды. Тууну көтөрчү Атабек Азисбеков башкалардан кечирээк барат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун курама команданын капитаны Атабек Азисбеков эмес, ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтөт. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Буга чейин парадда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон.

"Атлеттер Токиодогу оюнга ар кайсы убакта учуп жатышат. Биринчи үч спортчу — фехтование боюнча Роман Петров, ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова жана суучул Денис Петрашов барган. Ошондуктан тууну Каныкей Кубанычбекова алып чыкмай болду", — деп билдирди агенттик.

Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчулар 16 жолдомо алган.