УКМК: Нарында майнинг-ферманы жеке үйгө орноткон жаран аныкталды

Адистердин айтымында, майнинг-фермалар электр энергиясынын тартыштыгын жаратат. УКМК мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштерин улантууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нарында мыйзамсыз негизде криптовалюта иштеп тапкан майнинг-ферма табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

“Б. Т. Б. аттуу жаран жеке турак үйдө 118 майнингдик түзүлүштөрдү орнотуу менен криптовалюта иштетип турган”, - дешти УКМКдан.

Адистердин айтымында, майнинг-фермалар электр энергиясынын тартыштыгын жаратат.