БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 1 102 кишиге жугуп, тогуз бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар:
- Бишкек — 813;
- Ош шаары — 84;
- Чүй облусу — 122;
- Ош облусу — 25;
- Талас облусу — 5;
- Нарын облусу — 5;
- Ысык-Көл облусу — 8;
- Жалал-Абад облусу — 63;
- Баткен облусу — 88.
Жалпы 128 905 киши сакайды.
Жуктургандар:
- Бишкек — 827;
- Ош шаары — 10;
- Чүй — 65;
- Ош — 24;
- Талас — 9;
- Нарын — 12;
- Ысык-Көл — 55;
- Жалал-Абад — 20;
- Баткен — 80.
Пандемиядан бери расмий түрдө коронавирус 152 709 адамдан чыкты.
Өткөн суткада тогуз адам ооруну жеңе албай калды. Алардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Нарында дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 2 205 адамдын өмүрүн алды.
Стационарда 4 509 бейтап дарыланууда. Алардын 35и канааттандырарлык, 2 937си орточо, 1 305и оор жана 232си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 15 856 бейтап жатат.