БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандан Европа өлкөлөрүнө бир тоннадан ашык автоунаалардын катализаторун чыгарып кетүүгө аракет жасагандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Катализаторлорду баалуу металл (платина, палладий, родий) алуу үчүн сыртка чыгарышат. 18-июлда УКМК менен Бажынын кызматкерлери "Манас" аэропортунан аткезчилик менен ташылып бараткан жүктү аныкташкан.
Маалыматка караганда, милдеттүү техникалык көзөмөл жокко чыгарылгандан кийин СТОдон автоунаалардын катализаторун чыгарып калган массалык тенденция байкала баштады.
"Катализатордо баалуу металлдар бар. Аны Европа өлкөлөрүнө сатуудан жакшы киреше тапса болот. Бирок унаада катализатор жок болсо адамдын ден соолугу менен айлана-чөйрө үчүн коркунуч жаралат. Себеби топуракка оор металлдар жана күйүүчү заттар орнойт. Ал эми түтүн бөлүкчөлөрү уулуу затты пайда кылат, бул экологиялык кырдаалга терс таасирин тийгизет", — дешти УКМКдан.
Ведомстводон белгилегендей, учурда ыйгарым укуктуу органдар катализаторду сатып алууга жана сыртка чыгарууга тыюу салуу боюнча маселени карап жатышат.