Кыргыз мушкери CFFC уюмундагы чемпиондук курун коргоо үчүн таймашат

Кыргызстандык мушкер алгачкы ирет чемпиондук курун коргоо үчүн беттешке чыгат. Анын атаандашы АКШлык атлет болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. АКШдагы Cage Fighting Fury Championship (CFFC) уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер Зулкарнайн Камчыбеков 16-сентябрда биринчи жолу чемпиондук наамын коргоо үчүн АКШлык Блэйк Смит менен беттешет. Беттешүүчү жуптун постерин промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Лига кыргыз мушкери алгачкы ирет чемпиондук курун коргоо үчүн таймашарын белгилеген.

“Зулкарнайн Камчыбеков жеңил салмакта удаа үч нокаут жеңишинен кийин алгачкы ирет чемпиондук курун коргоо үчүн беттешке чыгат. CFFC-100 таймашында ага Флориданын тургуну Блэйк Смит атаандаш болот. Бул тарыхый беттеш”, — деп айтылат посттогу комментарийде. 

Эске салсак, Камчыбеков 2-апрелде АКШда өткөн CFFC 95 турниринде америкалык Жесси Смитти экинчи раундда техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук алтын кур тагынган