Бишкекте акимчиликтер жамаат менен эмдөөдөн өтүүгө жардам берет

Кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү каалаган мекемелер акимчиликтерге каалоочулардын тизмеси менен кайрылуусу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектеги ишканалар кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү үчүн акимчиликтерге кайрылса болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин уюштурулган эмдөөдөн район жетекчилери баш болуп, төмөндөгү мекемелер өттү:

  • Соода борборлордун биринде уюштурулган эмдөөдөн 50дөн ашык кызматкер өтүп, алардын катарында Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев дагы болду;
  • Свердлов районунун жетекчиси Бахтияр Карымшаков, акимчиликтин кызматерлери, кварталдык комитет төрагалары дагы коронавируска каршы эмделишти;
  • Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов менен бирге акимчилик кызматкерлери гана эмес, мектеп мугалимдери дагы вакцина алышты;
  • Биринчи май районунун жетекчилиги менен акимчилик кызматкерлери эмдөөдөн өтүп, эми жаңы конуштардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат;
  • "Бишкек жылуулук энерго" мекемесинин инженер, слесарь, оператор, контролерлору жамааты менен эмделишти;
  • Бишкек троллейбус башкармалыгынын 46 кызматкери вируска каршы вакцина алышты.

Кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү каалаган мекемелер акимчиликтерге каалоочулардын тизмеси менен кайрылуусу керек.