Бейшембиге карата аба ырайы

22-июлда тоолуу райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас өрөөнүндө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын аймагында +21…+26 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +33…+35, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +24…+26 градуска жетет.