БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 16 ооруканада 537 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 21-июль саат 10:00гө карата 16сында бош орун бар.
Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:
- Улуттук хирургия борбору — 24;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 40;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 23;
- №2 шаардык клиникалык оорукана — 34;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 1;
- Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 42;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 38;
- Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 8;
- Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 10;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 35;
- Аскердик госпиталь — 17;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 143;
- Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 30;
- Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 64;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9.
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 19.
Мындан бир нече күнү мурда ооруканалардагы бош койкалардын саны аз болсо, кечээ, бүгүн кайрадан көбөйө баштаган. Бирок республикада коронавирус жуктуруп алгандар менен көз жумгандардын саны азайбай жатат. Соңку суткада вирус 1 102 кишиге жугуп, тогуз бейтап көз жумду.